Үч айда Кыргызстан 152 тоннадан ашык бал экспорттодуЭңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик интернетине биринчи болуп кошулдуКыргызстандын кайсы облусунда күнөсканалар эң көп? 2026-жылдын статистикасы«Кереметти күтпөңүз»: дарыгер үй-бүлөнү пландоодогу башкы каталар тууралууМанас шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилдиКыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында ийгилик жаратышты
Кыргызстандын аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай жана 300 млн тоннадан ашык калдык бар
10.10.2019 | 17:15
Өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай жана аларда жалпысынан 300 миллион тоннадан ашык калдык бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салынган мыйзам долбоору каралып жатканда маалым болду.
Мыйзам долбоору боюнча депутат Кожобек Рыспаев баяндама жасады.
«Мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат», – деп айтылды баяндамада.
Аталган мыйзам долбоору жалпы палатада экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом