«Кыргызстандын баатыры» өз айылындагы мектепти менчиктештирип алган

«Кыргызстандын баатыры» өз айылындагы мектепти менчиктештирип алган

Кыргыз Республикасынын баатыры, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов өзүнүн айылындагы мектепти мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Белгилүү болгондой, 18-сентябрда УКМК Жыламыш айылында 200 орундуу мектептин имараты жана ага караштуу 20 гектар жер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал мектеп 1998-жылы мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен. Учурда ал иштебей турат. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында анын ээси М.Ш. мектепти мамлекетке өз ыктыяры менен кайтарган. Анын азыркы баасы 376 млн 339 миң сомду түзөт.

УКМК тараткан маалыматтан кийин соцтармактарда бир нече адам мектепти менчиктеп алган киши Медеткан Шеримкулов экенин жазып чыгышкан. Бул маалыматты Reporter.kg’ге өздүк булактар ырастады. Бул боюнча комментарий алуу үчүн Медеткан Шеримкулов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок Шеримкулов «Азаттыкка» ал жерге тиешеси жок экенин айткан.

Медеткан Шеримкулов 1939-жылы Чүйдүн Жыламыш айылында төрөлгөн. «Легендарлуу парламенттин» төрагасы болгон. 2022-жылы ага «Кыргызстандын баатыры» наамы берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>