Кыргызстандын футбол курамасы Малайзияга утулуп калды   

Кыргызстандын футбол курамасы Малайзияга утулуп калды   

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Малайзиянын курамасына утулуп калды.

16-ноябрда Куала-Лумпурдагы “Букит Жалил” стадионунда “D” тайпасынын биринчи турунун беттеши өттү.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курамасы дарбазасына топ өткөрүп алып, 0:1 эсебинде жеңилип жаткан. Бирок беттештин 42-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу гол киргизип, эсепти теңеди.

44-мүнөттө Эрнис Батырканов дагы бир гол киргизип, командасын алдыга чыгарды. Беттештин биринчи бөлүгү 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кеткен.

Экинчи таймдын башталышында Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев командасын голдон сактап калса, андан кийин малайзиялык Кай Мерк улуттук кураманын дарбазасына алгачкы голун киргизип, эсеп 3:1 болду.

72-мүнөттө Кыргызстан курамасынын коргоочусу Христиан Браузман гол киргизсе, 5 мүнөттөн кийин талаа ээлери эсепти теңеди. Оюндун негизги убактысында кошумча убакыттын 3-мүнөтүндө Малайзиянын курамасы төртүнчү гол киргизип, жеңишти илип алды. Беттештин акыркы эсеби 4:3 эсебинде Малайзия курамасынын пайдасына чечилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>