Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстандын герби кабыл алынганына 26 жыл толду
14.01.2020 | 09:00
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби кабыл алынганына бүгүн 26 жыл толду. Өлкөнүн негизги үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган.
Мамлекеттик гербдеги тегеректин ортосунда канатын жайган ак шумкардын сүрөтү, ортосунда Ысык-Көл жайгашкан. Анын ары жагында Ала-Тоо кыркаларынан алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн сүрөтү тартылган. Ал эми эки чекесине пахтанын жана буудайдын сүрөтү коюлуп, тегеректин жогорку бөлүгүнө “Кыргыз” жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнө “Республикасы” деп жазылган.
Мамлекеттик гербдин авторлору — Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом