Facebook, Instagram? Өлкө жетекчилери кайсы соцтармакты колдонот

Facebook, Instagram? Өлкө жетекчилери кайсы соцтармакты колдонот

Социалдык тармак маалыматты ыкчам жеткирүүнүн гана эмес, коом менен байланыштын дагы таасирлүү аянтчасына айлангандыгы маалым. Андыктан ар кайсы тармактагы активисттерден тарта саясатчылар, өлкө башчыларына чейин аны жигердүү колдонууга аракет жасашат.

Reporter.kg өлкө жетекчилигин социалдык тармактагы активдүүлүгүнө саресеп салып көрдү.

Садыр Жапаров социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экени маалым. Ал президент болгондон кийин дагы өзү пост жазып, комментарийлерде пикирин билдирип, атүгүл парламенттин депутаттарына дагы жооп жазып турчу. Кызуу талкуудан кийин баракчасына жарыяланган айрым посттору өчүрүлгөн учурлар дагы болгон. Мисалы, мамлекеттик резиденциянын аймагында уу коргошун даярдаган видео жана анын пайдасы тууралуу текст алынган.

Президенттин Instagram жана Facebook баракчасы верификациядан өткөн. Биринчисин ал 2015-жылдан бери колдонот, 504 миң катталуучусу бар. Өлкө башчысы Facebook’ка 2012-жылы кошулган, ага азыр 90 миң 153 киши жазылган. Х социалдык тармагында (мурдагы Twitter) өлкө башчысына 7 миң 400 киши катталган, бирок баракча көптөн бери жаңылана элек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармакты активдүү колдонгон жетекчилердин сап башында турат. Ал аткаруу бийлигинин маалымат бөлүмүнө жана медиалардын SМS кызматына көмөктөшүп, баракчасында ар кандай маалыматтарды, айрыкча президент менен УКМКнын төрагасына байланыштуу кабарларды тынбай бөлүшөт. Окурмандар анын Facebook аркылуу түз эфирлерге кирип, окуяларды көргөнүн  байкашкан. Минкабдын башчысына суроо узатсаңыз, жооп алып калышыңыз дагы мүмкүн.

Анын  Facebook’тагы алгачкы сүрөтү 2010-жылдын 19-июлунда жарыяланган.

Акылбек Жапаровдун жаңылыктарын Facebook’та 16 миң киши, Instagram’да 26,1 миң киши акмалап турат.

Камчыбек Ташиев дагы Facebook’ка 2010-жылы кошулуп, алгачкы билдирүүлөрү Ош коогалаңына байланыштуу жарыяланган.

УКМКнын төрагасынын баракчасына 39 миң киши жазылган. Айтмакчы, Камчыбек Ташиев Facebook’та учурдагы кызматын көрсөткөн эмес, «Ата-Журт» партиясынын лидери, «Республика Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы катары гана белгиленген. Бул саясый уюмдардын бири жоюлуп, бири аталышын өзгөрткөн.

Ташиев чанда гана кыска билдирүүлөрдү жарыялап койгону болбосо анын баракчасын көбүнчө УКМКнын төрагасын белгилеген блогерлер толтурушат.

Спикер Нурланбек Шакиевге Facebook’та 3 эле киши жазылып, досторунун саны 5 миңге жете элек. Баракчасында алгачкы сүрөт эки жыл мурда эле жарыяланган. Instagram’да 1 миң 177 киши катталса, төрага өзү бир эле президенттин баракчасын окуйт.

Төраганын пресс-катчысынын билдирүүсүндө, Нурланбек Шакиевдин баракчаларын жүргүзүүгө жардамчылары көмөктөшөт.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун социалдык тармакта өзүнүн атына катталган баракчасы жок. Маалымат кызматынын билдирүүсүндө, ал Жогорку соттун расмий баракчасы аркылуу гана анда-санда соцтармакка баш багып турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>