Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Кыргызстандын ички карызы эки айда жарым млрд сомго жогорулады
03.02.2021 | 17:55
Кыргызстандын ички карызы эки айда 427 млн 508.1 миң сомго жогорулаган. Мындай жыйынтыкка мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү тууралуу Улуттук банк күн сайын чыгарган отчетунан улам келсе болот.
2-февралда Финансы министрлиги бюджетке мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын эсебинен 56 млрд 709.4 млн сом жана мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардан 455 млн сом тарткан.
Муну менен катар, үстүбүздөгү жылдын башында ички карыздын көлөмү 57 млрд 164.4 млн сомго жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч 56 млрд 736.9 млн сомду түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика