Wildberries жабыркаган сатуучуларга компенсация төлөй баштады

Wildberries Кыргызстан компаниясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле тигүү тармагынын, жеңил өнөр жайдын жана сатуучулардын ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда Россиядагы кампаларда жабыркаган товарлар үчүн компенсация төлөө, логистика, ишкерлерди колдоо жана Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Компания Кыргызстан артыкчылыктуу рыноктордун бири бойдон каларын жана бардык бизнес-процесстер кадимки режимде иштеп жатканын белгиледи. Учурда негизги көңүл логистикалык процесстерди калыбына келтирүүгө, кампалардагы товардык калдыктарды баалоого жана жабыркаган сатуучулар үчүн чечимдерди даярдоого бурулуп жатат.
Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик ишкерлерди, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларды колдоонун кошумча чаралары иштелип жатканын билдирди. Алар каржылык жүктү азайтууга, өндүрүштүк потенциалды, жумуш орундарын жана экспорттук активдүүлүктү сактоого багытталган.
Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири катары координациялык штаб түзүлдү. Ал жабыркаган сатуучулар менен түз иш алып барып, компенсация, төлөмдөр, сакталып калган товарларды алып чыгуу жана башка маселелер боюнча колдоо көрсөтөт.
Wildberries ошондой эле жабыркаган сатуучуларга алгачкы жарым-жартылай компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлө баштаганын билдирди. Келтирилген зыян толук баалангандан кийин компенсацияларды эсептөө механизми жана мындан аркы аракеттердин тартиби жарыяланат.
Мындан тышкары, жолугушууда жаңы шарттардагы логистиканы уюштуруу, жүктөрдүн чек арадан өтүшү, Кыргызстандагы кампалык инфраструктураны өнүктүрүү, FBS модели боюнча иштөө, фулфилмент-өнөктөштөр менен кызматташуу жана сатуучулар үчүн платформанын ишин жакшыртуу маселелери да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Wildberries, тармактык ассоциациялар жана ишкерлер коомчулугу ортосунда туруктуу диалогду улантуу чечими кабыл алынды. Компания өнөктөштөрдү кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана кийинки кадамдар тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап турарын билдирди.