Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү уланат — Адылбек Касымалиев

04.08.2026 | 17:37
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү уланат — Адылбек Касымалиев — Новости Кыргызстана

Импортко көз карандылыктан жана тышкы факторлордон улам Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасы акырындап көтөрүлө берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майлардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок дүйнөлүк бааларга, геосаясий кырдаалга жана логистиканын баасына түздөн-түз көз каранды. Биз азырынча бааларды кармап турабыз, бирок алар баары бир акырындап өсө берет», — деди Минкаб башчысы.

Касымалиев Орусиядан мунай продуктуларын жеткирүү татаалдашканын, ошондуктан бийлик бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, альтернативдүү каттамдарды иштеп чыгып жатканын билдирди.

Учурда күйүүчү май Беларустан да келип жатат. Мындан тышкары, Кытайдан беш автоцистерна көлөмүндөгү биринчи партия жеткирилди. Автоунаа менен ташуу кыйла кымбатка тургандыктан, Министрлер кабинети темир жол аркылуу жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууда.

Анын айтымында, Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул өлкө импорттолгон мунайды өзүнүн мунай иштетүүчү заводдорунда иштеткенден кийин айына 20 миң тоннага жакын мунай продуктуларын жеткирүүгө даяр.

Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн жеткирүү маселеси да каралууда. Бирок мындай каттамдар Каспий деңизи жана бир нече мамлекеттин аймагы аркылуу өткөндүктөн, бул күйүүчү майдын баасын кыйла жогорулатат.

Минкаб башчысы мамлекет дизелдик отундун, суюлтулган газдын жана АИ-92 бензининин баасын субсидиялап жатканын кошумчалады. Мунун аркасында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы Өзбекстан менен Тажикстанга караганда болжол менен 20–25 сомго арзан.

Ошол эле учурда, Касымалиев баалардын өсүшүн дайыма эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен компенсациялоо мүмкүн эмес экенин, анткени буга миллиарддаган сомдор талап кылынарын баса белгиледи.
Scroll to Top