Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик интернетине биринчи болуп кошулду

Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет иштей баштады. Министрлер кабинетинин маалыматында, бул мектеп Starlink системасы аркылуу глобалдык тармакка кошулган Кыргызстандагы алгачкы социалдык объект болуп калды.
Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция аркылуу байланышка чыгып, интернеттин ишин расмий түрдө ачып берди. Ал окуучуларды жана мугалимдерди куттуктап, мектепке 5 заманбап компьютер тапшырды.
Өкмөт башчы өз сөзүндө Эңилчек айылы татаал географиялык абалынан жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жоктугунан улам буга чейин интернетке кошула албай келгенин билдирди. Ошондой эле Агартуу министрлигине аталган мектепти мамлекеттик маалыматтык системаларга интеграциялоону жана санариптик билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары Касымалиев учурда республикада интернетке кошула элек 6 гана мектеп калганын айтып, алар жакынкы аралыкта сапаттуу байланыш менен камсыз кылынарын билдирди.
Эске салсак, 23-майдан тарта SpaceX компаниясынын Starlink спутниктик тармагы Кыргызстандын аймагында кызмат көрсөтө баштады. Эми Кыргызстандын бардык аймагындагы колдонуучулар расмий түрдө жабдууларга буйрутма берип, глобалдык тармакка туташа алышат.