Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 418,4 млрд сомго жетти
14.11.2022 | 11:28
Быйылкы жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 5 млрд 217,88 млн долларды же 418 млрд 384,37 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик карыздын 79,8%ы же 4 млрд 162,60 млн доллары (333 млрд 769,18 млн сом) тышкы карыз, ал эми 20,2% же 1 млрд 55,28 млн доллары (84 млрд 615,19 млн сом) ички карыз болуп саналат.
Ошол эле учурда мамлекеттик карызды төлөөгө 10 айда 28 млрд 854,4 млн сом жумшалган. Анын ичинен 19 млрд 511,1 млн сом тышкы, 9 млрд 343,3 млн сом ички карызды төлөөгө сарпталган.
Ошондой эле, 10 айда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан бюджетке 12 млрд 398,7 млн сом түшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз