Эл аралык издөөдөгү экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Эл аралык издөөдөгү экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-ноябрында УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, облустук лидерлердин бири «Амир» «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран, Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстанда коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдын Кыргызстандын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>