Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган делегация Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганыстандын элине гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен молдо Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду. Тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулашып, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Абдул Гани Барадар Ооганстандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>