Салык кызматы контролдук-кассалык машиналар боюнча билдирүү таратты

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналар боюнча билдирүү таратты

2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүүдө. Ушул күндөн тартып фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок ККМдин эски үлгүлөрү колдонулбайт. Бул туурасында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө өлкөбүздө субъекттер тарабынан 29 миң 87 ККМ колдонулууда.

Кошумчалай кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз берилет. Бүгүнкү күндө ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүндө 2331 пилоттук ККМ орнотулуп, кошулган.

Салык кызматынын кызматкерлери ишкердик субъекттердин арасында алгылыктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Субъекттерге ККМди ким колдонуу керектиги, аларды кайдан жана кантип сатып алса болот, бул аппараттарды колдонуунун кандай артыкчылыктары бар экендиги тууралуу маалымат берилди. Жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдөн тышкары тегерек столдор, жолугушуулар, семинарлар уюштурулган. Түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерлер тарабынан кандайдыр бир түшүнбөстүктөр жана каршылыктар болгон жок.

Мурда түшүндүрүлгөндөй, ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъекттер колдонушу керек.

Учурда ККМдин эки түрү – аппараттык жана программалык колдонулууда.

Маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар, фискалдык эс тутуму менен кадимки кассалык аппарттан тышкары, ККМ тиркеме түрүндө да болот. Ал смартфонго, планшетке же компьютерге орнотулат.

Ошол эле учурда, программалык ККМди жүктөп алуу акысыз жүргүзүлөт, бул аппараттык ККМдин жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкерге керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Аппараттык KKMди бүгүнкү күндө KKMди техникалык тейлөө борборунан алууга болот, алсак, мындай 14 борбор иш алып барууда. Программалык KKMди берүүнү фискалдык маалыматтардын 15 оператору жүргүзөт.

Ошондой эле, “Керемет Банк” жана “РСК Банк” ар бири 1000ден кассалык аппараттарды алышканын белгилейбиз, алар арыз менен кайрылган ишкерлерге бекер орнотуп беришет. Жалпысынан мамлекеттик банктар субъекттерге 9 миң аппаратты бекер берет.

Алынган ККМди каттоо үчүн ишкер жергиликтүү салык органына кайрылуусу керек. Ал жерде кызматкерлер, зарыл болгон учурда, ККМди колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири түшүндүрүп беришет, иштин тигил же бул түрүн колдонуу үчүн аппараттын кайсы түрү эң ылайыктуу экенин айтышат.

Урматтуу ишкерлер!

ККМди жаңы стандарттар менен колдонуу мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилээрлик пайда алып келет. Ачык фискалдык система түзүлөт, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсү түзүлөт, адилет бизнести көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскарат. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугу корголот.

Мындан тышкары, кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй комплексин даярдоодон куткарат. Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында контролдук – кассалык аппараттарды колдонуу — бул убакыттын талабы.

Мамлекет көп жылдар бою майда жана орто бизнесте иштеген жарандарга патенттик системанын эсебинен бутуна турууга мүмкүндүк берди. Бирок учурдагы өзгөрүп туруучу шарттарда салык салуу системасында жана бүтүндөй салык саясатында адекваттуу өзгөртүүлөр талап кылынат. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөгө байланыштуу мыйзамдар абдан дыкаттык менен аткарылып жатат. Демек, бул мамлекеттердин жарандардын алдындагы социалдык жана башка милдеттенмелерин сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Салык кызматы ар бир субъектти кызмат көрсөтүүдө жана калк менен эсептешүүдө ККМди колдонууга үндөйт. Ушундай ыкмалар менен гана ачык-айкын атаандаштык рыногун түзө алабыз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>