Жаздан бери оңдолуп бүтө элек: Тургундар Көк-Дөбө — Ананьево жолунун абалына нааразы

04.08.2026 | 11:52
Жаздан бери оңдолуп бүтө элек: Тургундар Көк-Дөбө — Ананьево жолунун абалына нааразы — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургундары айылга алып баруучу негизги жолдун абалы начар экенине даттанып, «Элдик репортёр» рубрикасына видео жөнөтүштү.

Видеонун авторунун айтымында, Көк-Дөбө — Ананьево жолун куруу иштери быйыл жаз айларында эле башталган. Ошол кезде облус башчы менен жолугушуу учурунда жол кургандар аталган жолго бир жарым айда асфальт төшөп беришерин убадалашкан. Бирок ошол убактан бери жол бүтпөй келет.

Тургундар учурда жол күдүрөйүп, анда унаа айдоо мүмкүн эместигин айтышууда. Ал эми жолдон чыккан чаң айыл тургундарына жана чарба өсүмдүктөрүнө зыян алып келүүдө. Тургундар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ушул маселени чечип берүүнү суранышууда.

Эгер сизде биз үчүн жаңылык бар болсо, аны «Элдик репортёрдун» WhatsApp же Telegram номуруна жөнөтсөңүз болот: +996 995 232 413

Scroll to Top