Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Таяк тартыш боюнча улуттук команда АКШдагы мелдеште 4 алтын утту
03.03.2024 | 09:26
Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы АКШда өткөн эл аралык “Arnold Classic” турниринде 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Атайбек уулу Келдибек, Мухаммед Али Тохтоматов, Элза Абдикадирова, Азамат Асанов 1-орунду жеңип “алтын чемпион” курун тагынышты. Ал эми Дилбара Иманканова, Акылбек Урунбаев күмүш, Актан Рахматов коло байгеге ээ болду.
Эл аралык турнир 3-мартта жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт