Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Астана Москванын суроо-талабы боюнча Россияга КММ жеткирүүнү карап көрөт
02.07.2026 | 12:47

Казакстан расмий кайрылуу түшкөн учурда жана бош ресурстар болсо, Россияга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу республиканын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Ведомстводон белгилешкендей, күйүүчү майды сатуу өз ара пайдалуу коммерциялык шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге, Энергетика министрлиги мунай продуктуларын жеткирүү чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди жана коммерциялык контракттарды түзүү бош ресурстук потенциал болгондо гана мүмкүн болорун баса белгиледи.
Өлкөнүн ички рыногун толук жана үзгүлтүксүз камсыздоо талашсыз артыкчылык (приоритет) болуп кала берет.
«Экспорттук жеткирүүлөр Казакстандын жарандарынын жана экономикасынын керектөөлөрүн камсыздоого тобокелдиктер жок болгон шартта гана ишке ашырылышы мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.