Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти алмашты

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти алмашты. Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн, 15-майда, президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарлыкка ылайык, Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматынан бошотулуп, анын ордуна Бекмамат Жээнбаев дайындалды.
65 жаштагы Бекмамат Жээнбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. Ал 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, 1993-жылы Москва шаарындагы Россия илимдер академиясынын ГЕОХИ мекемесинин аспирантурасын бүтүргөн.
Ал эмгек жолунда Кыргыз мамлекеттик университетинде инженер, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Биология институтунда стажер-лаборант, Орусия илимдер академиясынын ГЕОХИ мекемесинде стажер-изилдөөчү, ошондой эле кенже жана улук илимий кызматкер болуп иштеген. 2002-жылдан тартып Улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болгон. Акыркы мезгилге чейин аталган институттун директору кызматын аркалап келген.
Ал биология илимдеринин доктору, профессор жана Серб илимдер академиясынын академиги. Илимий ишмердүүлүгү континенттердин биогеохимиясы жана организмдердин геохимиялык экологиясы тармактарына багытталган. Ал – 60тан ашык илимий эмгектин жана 2 монографиянын автору.