Бишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулган
Бишкекте чет элдик жаран мыйзамсыз спирт ичимдиктерин жана тамеки саткан
15.05.2026 | 10:41
«Арча-Бешик» конушунда салык кызматынын кызматкерлери 522 миң сомдон ашык суммага акциздик продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташты. Товарлар тиешелүү акциздик маркалары жок же шектүү маркалар менен сатылып жаткан.
Мыйзамсыз бизнести чет элдик жаран уюштурганы аныкталган. Ал борбор калаанын курулуш объектилеринде спирт (110 литр), 3500 куту тамеки жана никотин камтыган сагыз сатып жүргөн. Тартип бузуучу товар үчүн төлөмдү санариптик форматта — «AliPay» төлөм тутумунун QR-коддору аркылуу кабыл алган.
Бул факт боюнча актылар түзүлүп, бардык материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз продукция алынып, контрабанданы жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика