Энергетика министрлиги менен кытайлык China Southern Power Grid International ишканасы кызматташатКыргызстанда президенттик шайлоону январда өткөрүү сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлдуАт-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылдыБишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүн
Кыргызстандын үч округунда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды
30.06.2024 | 08:39
Бүгүн саат 08:00дө №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үч шайлоо округунан жалпы 28 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен:
- №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан – 9;
- №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан – 14;
- №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – 5.
Ошондой эле аталган үч шайлоо округунан контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:
- №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан — 91 миң 20;
- №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан — 97 миң 300;
- №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан — 122 миң 932.
Жалпы бардыгы 311 миң 253 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 218 223, орус тилинде 93 300 бюллетень, 175 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Алардын ичинде:
- №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 91 миң 105;
- №36 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 123 миң 21;
- №29 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 97 миң 397.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар