Кыргызстанга 20 млн сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Кыргызстанга 20 млн сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Дастан Бекешев, Сейитбек Атамбаев, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алууну жеңилдетип, анын мөөнөтүн узартып, өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианттарын карайт. Чет элдик жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн виза алышат.

Мыйзам долбоорго ылайык, 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот. Ал эми 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран 10 жылга виза алууга укук алат. Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү виза алууга мүмкүнчүлүк алышат.   

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>