Трамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөт
Кыргызстанга былтыр 2 миллиондон ашык гүл импорттолгон
11.03.2025 | 14:33
2024-жылы Кыргызстанга Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл импорттолгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Министрлик аталган өлкөлөрдөн жыл сайын гүлдөр алынып келерин билдирди. Ошондой эле акыркы 5 жылда өлкөнүн шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өскөн. Өлкөдө эң популярдуу гүлдөр: роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын экендиги айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом