Кыргызстанга COVID-19га каршы жаңы вакциналар келди

Кыргызстанга COVID-19га каршы жаңы вакциналар келди

Кыргызстанга COVID-19га каршы Moderna компаниясынын вакциналары келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иммундук алдын алуу республикалык борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 800 доза вакцина өлкөгө өткөн жумада алып келинген жана учурда бардык аймактарга бөлүштүрүлдү.

Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот. Жакында вакциналар Ош, Баткен облустарына жеткирилет.

Moderna (мРНК-1273) вакцинасын ДССУ тарабынан колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы вакциналардын кайсынысынан кийин болбосун бустердик доза катары колдонууга болот.

“Эгерде баштапкы эмдөөдөн кийин 6 айдан ашык убакыт өтсө, бустердик дозаны биринчи мүмкүнчүлүктө алуу керек. Экинчи бустер дагы (4-доза) 4-6 айдан соң алынат. Биринчи кезекте бустердик дозаны улгайган адамдар, медицина кызматкерлери, кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары бар жана иммунитети начар адамдар алууга тийиш”, — деп айтылат маалыматта.

Бул вакцина менен эмделүү анын компоненттеринин бирине оор аллергиялык реакциясы бар адамдарга каршы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Sinopharm (Кытай) вакцинасы дагы бар.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>