Кыргызстанга дүйнөлүк стандарттагы хоккей аренасы курулат

Кыргызстанга дүйнөлүк стандарттагы хоккей аренасы курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту. Бул туурасында өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштады. Мамлекет башчысы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине жана улуттук хоккей федерациясына бул маселелерди чечүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

Жолугушуу жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Тардиф Жозеф Пьер Люкту Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржизага менен Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча аймактык вице-президенти Айваз Оморкановго Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын тапшырды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>