Даниялык компания Атай Өмүрзаков менен кайрадан иштешмей болду

Даниялык компания Атай Өмүрзаков менен кайрадан иштешмей болду

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков Даниялык компания кайрадан иштешүү үчүн кат жолдоп, кечээки чечимдери үчүн кечирим сураганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Алар телефон чалып, түшүнбөстүк үчүн кечирим сурашты. Алар телефон аркылуу Даниянын өкмөтүнө Кыргызстандын нейтралитеттүүлүгүн түшүндүрүшкөнүн айтышкан”— деди.

Ал эми чет өлкөлүк компания Өмүрзаков жана анын командасын Данияда күтүп жаткандыгы туурасында кат жолдогон.

«Биз кырдаалды туура эмес түшүнгөнүбүз үчүн өкүнүп жатабыз, сиздердин өлкө Орусиянын курамына киргендей таасир калтырдык – бул үчүн абдан өкүнүүдөбүз. Ошондуктан, биз сиздерди Данияда тосуп алууга даярбыз», — деп айтылат компаниянын катында.

Кечээ, 2-март күнү Даниялык компания Кыргызстанды Орусияны колдогону үчүн Өмүрзаков менен иштеше албай турганын, атайын келишимди бузганын айткан болчу.

Бийчи Атай Өмүрзаковго батыштын санкциясы таасир этти

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>