Кыргызстанга кытайлык дарыгерлер келет

Кыргызстанга кытайлык дарыгерлер келет

Кыргызстанга катаракта дартынан жабыркаган жарандарды дарылоого жардам берүү үчн кытайлык дарыгерлер келет. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловдун Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Байсалов Кытайдын элчиси менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Элчи «Ден соолук экспресс» долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобу келерин билдирген.

«Ошондой эле кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик Кытайда билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге жолугушууда Кытай Кыргызстанга 500 миң вакцина жөнөтөрү, аба каттамдар көбөйтүлөрү белгилүү болду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>