Кыргызстанга мамлекеттик криптовалюта чыгаруу сунушталууда

Кыргызстанга мамлекеттик криптовалюта чыгаруу сунушталууда

“Cold.kg.coin” деген аталышта мамлекеттик криптовалюта чыгарбайлыбы? Бул сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев демилгелеп чыкты.

“Бул биздин улуттук криптовалютабыз алтындарыбызды бекемдеп турат. Маселен, Кумтөрдө 410 тонна алтыныбыз бар. Ошол себептен дүйнөдө биринчилерден болуп биз мамлекеттик криптовалютабызды чыгарып алсак. Дүйнөдө бир дагы мамлекеттик криптовалюта жок.  Мындай кадам менен экономикабызды өнүктүргөнгө жакшы салым кошот эле деп ойлойм. Бул иш менен алектенип жүргөндүктөн жакшы билем, бул жакта милиионду айтпай эле коён, триллиард акчалар жүгүрмөк. Башкалар баштагычакты биринчи баштап, мамлекеттик криптовалюта чыгара калсак кандай болмок?”-деп суроо салды.

Депутаттын сунушуна Улуттук банктын өкүлү жакшы сунуш, бирок, этияттап кадам жасабасак болбойт. АКШ, же башка Европа өлкөлөрү эмне себептен мамлекеттик криптовалюта чыгарганы жок, ушуну ойлонушубуз керек деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>