Кыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайтКлара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууланды
Кыргызстанга мигранттар март айында 144 млн доллар которушкан
13.05.2020 | 09:42
Үстүбүздөгү жылдын март айында жалпы мигранттар мекенине 144 млн доллар которушкан. Бул февраль айына салыштырмалуу 21.1 млн долларга көп. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.
Каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулган. Февраль айына салыштырмалуу Орусиядан келген каражаттын көлөмү 20.7 млн долларга же 13.2% аз болгон.
Март айында алыскы чет өлкөдөн февраль айына салыштырмалуу 300 миң долларга аз, жалпысынан 5.5 млн доллар каражат которулган.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3 айында мигранттар Кыргызстанга 457.6 млн доллар акча которушкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика