Чет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жанданды
Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды
15.09.2023 | 22:15
Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды.
Улуттук банктын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер ушул жылдын июль айында мекенине 145 млн доллардан ашык которгон. Бул май айына караганда дээрлик 18 млн долларга аз.
Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет. Андан кийин алыскы чет мамлекеттер турат.
Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга аз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика