Кыргызстанга Монголиянын өкмөт башчысы келет

Кыргызстанга Монголиянын өкмөт башчысы келет

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен илдиришти.

Жолугушууда Садыр Жапаровдун 9-11-июлдагы Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайин Оюун-Эрдэнэнин 25-26-октябрда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин XXII отурумуна катышуусун уюштуруу маселелери талкууланган.

Өз кезегинде Айбек Артыкбаев кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги өз ара парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык сапарларды иштеп чыгууга, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүгө даяр экенин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>