Депутаттар ушу-саньда боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Депутаттар ушу-саньда боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов менен Марлен Маматалиев ушу-саньда боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, депутаттар Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медаль уткан Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкуловду, ошондой эле башкы машыктыруучу Тагайбек Өмүржановду куттукташты.

Депутат Талант Мамытов чемпиондорго терең ыраазычылыгын билдирип, өлкөбүздөгү спорттун өнүгүшүндөгү ролун, ошол эле учурда ал машыктыруучулардын өзгөчө эмгектерин белгиледи.

«Спортчулардын ийгиликтери үчүн сиздердин шексиз эмгегиңиздер өзгөчө көңүл бурууга жана урматтоого татыктуу», — деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев ошондой эле спортчуларды спорттук иш-чарадагы жетишкендиктери менен куттуктады.

«Сиздердин аракетиңер, талантыңар жана спортко болгон берилгендигиңер суктанууга арзыйт. Сиздердин жеңиштериңер шыктандыруучу гана эмес, спорт аркылуу тынчтыкты жана достукту бекемдейт. Азия оюндарындагы ийгиликтериңер мыкты карьеранын башталышы гана болсун», — деп жыйынтыктады депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>