Руслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолдуБакыт Төрөбаев КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуОш шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү19-мартка карата аба ырайы
Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келет, – министр
25.07.2022 | 11:40
Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 инфекциясына каршы 267 миң 578 вакцина колдонуудан чыгарылды. Анткени алардын сактоо мөөнөтү узак болбогондуктан колдонулган эмес.
“Жалпысынан 3 миллион 567 миң 100 вакцина колдонулду. Алардын ичинен көбүн Sinopharm вакцинасы түздү. Учурда республика боюнча 2 миллион 333 миң 533 Sinopharm вакцинасы бар. Мындан тышкары биз Pfizer вакцинасынын келишин күтүп жатабыз”, – деди Жаркынбек Касымбеков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом