Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри келди

Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри келди

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанга келген делегацияны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алды.

«Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү. Тараптардын расмий жолугушуусу ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында өтөт», — деп билдирет министрлик.

Буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу макулдашылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>