Казакстанда кайра коронавирустан каза болгон учур катталды

Казакстанда кайра коронавирустан каза болгон учур катталды

Казакстанда дарыгерлер кайрадан коронавирустун көбөйгөнүн белгилешүүдө. 8-ноябрда COVID-19дан бир адам каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен Tengrinews.kz билдирди.

Бул узак убакыттан бери коронавирус инфекциясынан каза болгон биринчи учур. 8 бейтаптын абалы оор, 2 бейтаптын абалы өтө оор, дагы бир бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Бир суткада 8-ноябрга карата илдетке чалдыккан 47 адам катталды. Учурда 693 адам дарыланууну улантууда: 553ү коронавирус менен ооруп, дагы 140 адам коронавирустук пневмонияга чалдыккан. Алардын ичинен 82 бейтап ооруканада, 611 бейтап үй шартында дарылануусун улантууда.

Ал эми Кыргызстанда 31-октябрдан 6-ноябрга чейинки аралыкта коронавирустун жаңы 12 учуру катталганын Санэпидкөзөмөл департаментинен маалымдашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>