Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген учак аныкталды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген учак аныкталды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген учак аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган. Бул аба учагы Кыргызстандын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

Белгилүү болгондой, учак боюнча тиешелүү бажы жол-жоболору аткарылган эмес. Натыйжада мамлекетке 10 млн 637,9 миң сом зыян келтирилген.

Бул факт каттоого алынып, материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>