ДКО-2026: Ысык-Көлдө көчмөн цивилизациялары боюнча эл аралык илимий конференция өтөтКыргызстан казак буудайын сатып алууну көбөйтүүнү көздөөдөКурумдудагы издөө иштери: 4,5 миң метр бийиктиктен альпинисттик шаймандар табылдыБишкекте секелек кыздын алтын сөйкөсүн тартып алууга шектелип, 21 жаштагы кыз кармалдыСадыр Жапаров шайлоо, Ташиев, Кытай жана «Кумтөр» тууралуу — маектеги негизги ойлор14-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Кыргызстанга үч айда 4 миллионго жакын чет өлкөлүк жаран келген
25.07.2022 | 14:09
Кыргызстанга быйыл жылдын үч айында чет өлкөлөрдөн 3 млн 872 миңден ашык киши келген. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.
Кыргызстанда өлкөгө келген жарандардын каначасы туристтик максатта келгени боюнча так эсеп жүргүзүлбөгөндүктөн, министр өлкөгө келген адамдардын канчасы турист экенин тактаган жок. Ал белгилегендей, былтыркы жылдын үч айында өлкөгө 1 млн 852,4 миң киши келген.
“Быйыл үч айда туристтик кызмат көрсөтүүдөн 49,5 млн доллар киреше түшкөн. Ал эми былтыр киреше 27,1 млн доллар болгон”, – деди министр.
Белгилей кетсек, министр маалымат жыйында 2022-жылдын жарым жылында аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом