Садыр Жапаров шайлоо, Ташиев, Кытай жана «Кумтөр» тууралуу — маектеги негизги ойлор

14.08.2026 | 09:54
Садыр Жапаров шайлоо, Ташиев, Кытай жана «Кумтөр» тууралуу — маектеги негизги ойлор — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган мамлекет башчысын шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн маегинде айтты.

Мамлекет башчысы шайлоого каалагандардын баары катыша аларын жана башка талапкерлер үчүн эч кандай чектөөлөр болбой турганын баса белгиледи.

«Жол баарына ачык. Ким баргысы келсе — бара берсин. Орустар айткандай, желек колунда (флаг в руки). Эч кимди чектебейбиз. Баары так мыйзамдын чегинде болот», — деди Жапаров.

Буга чейин Конституциялык сот Жапаровдун азыркы алты жылдык мөөнөтүн биринчи мөөнөт деп таанып, анын 2027-жылы экинчи мөөнөткө талапкер болуу укугун тастыктаган. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек.

Президенттик кызматты Ташиевге өткөрүп берүүнү каалаган

Жапаров ошондой эле буга чейин УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын болочок президенти катары караганын жана башында 2027-жылдагы шайлоого катышууну пландабаганын айтып берди.

Мамлекет башчысынын айтымында, ал ушул убакытка чейин Ташиев керектүү тажрыйба топтоп, өлкөнү башкарууга даяр болот деп ишенген.

«Менде алты жыл башкарып, 2027-жылы өзүм шайлоого барбайм, эгер ал даяр болсо, тажрыйба топтосо, жакшы иштей баштаса, анда Камчыны президент кылып, өзүм эс алууга кетем деген планым бар болчу. 2027-жылдын январында шайлоо болушу керек. Мен бул тууралуу ага эки-үч жыл мурун айткам», — деди Жапаров.

Ошол эле учурда президент аны менен Ташиевдин ортосунда президенттик мөөнөттөрдү кезектешүү боюнча келишим болбогонун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Ташиевди кызматтан алуу чечимин да түшүндүрдү. Анын айтымында, буга Жогорку Кеңештин депутаттарынын ар кандай саясий лагерлердин колдоочуларына бөлүнүшү себептердин бири болгон.

«Парламентте депутаттарды: "Сен генералдын тарабындасыңбы же бул тараптасыңбы?" деп бөлө башташканда, мен аны чакырып: "Мындай болбойт. Элди бөлүүгө болбойт. Түндүк-түштүккө бөлө баштагандарды катуу жазалайм. Ошондуктан сени кызматтан алып жатам. Таарынба", — дедим. Ошондой эле, эгер ал кийинки шайлоого катышкысы келсе, мен ал үчүн бардык шарттарды түзүп береримди кошумчаладым», — деп билдирди президент.

Мамлекетке кайтарылган мүлктүн ашыра баалангандыгы тууралуу

Президент ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасы айрым учурларда ашыра бааланып калган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, ал Ташиевден кайтарылган активдерди баалоодо реалдуу көрсөткүчтөрдү берүүнү суранган.

«Мен реалдуу көрсөткүчтөрдү берүүнү сурангам. Кантип эле 300 миллиард түшүп калсын? Мисалы, 100 миң доллар турган батирди алып, аны 300 миңге баалап жатасыңар. Эгер рынокто ал 100 миң турса, кийин аны кимге сатасыңар?» — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, учурда мамлекетке кайтарылган мүлккө ревизия жүргүзүлүүдө. Келип түшкөн объекттердин саны, алардын бааланган наркы жана кийин аларды канча суммага сатууга мүмкүн болгондугу текшерилип жатат.

«Азыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде сатылбай жаткан жүздөгөн объекттер бар. Мисалы, мүлк реалдуу түрдө 1 миллион доллар турат, ал эми аны 10 миллионго баалап коюшкан. Жыйынтыгында ал сатылбай турат», — деп белгиледи ал.

Буга чейин Ташиев мамлекетке кайтарылган активдердин баасы 300 млрд сомго бааланып жатканын билдирген болчу. Анын айтымында, мамлекетке миңден ашык ишкана жана объект, ошондой эле 30 миң гектарга жакын жер кайтарылган.

Кытайга каршы маанай жөнүндө

Маекте Жапаров ошондой эле Кыргызстандагы Кытайга каршы маанайды, анын пикиринде, тышкы жана ички күчтөр козутуп жатканын билдирди.

Президент айрымдар Кытайдын катышуусундагы темир жол, көпүрөлөр жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушуна каршы чыгып жатканын белгиледи.

«Кытайдан кандай жамандык көрдүк? Бишкектеги эле таштанды иштетүүчү заводду алалы. Шаар түптөлгөндөн бери 100 жыл бою бардыгы түтөп келген десем жаңылышпайм. Туурабы? Азыр болсо таштандыны тазалап, калдыктарды жагып жатышат, биз эки эсе пайда көрүп жатабыз», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, таштанды иштетүүчү завод 30 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгат. Объекттин курулушунун алгачкы этабында 550 кытай адиси иштеген, учурда ишканада жабдууларды башкарууга кыргызстандыктарды үйрөтүп жаткан беш инженер калды.

Президент көптөгөн мамлекеттер кытай инвестицияларын жана технологияларын тартууга умтулуп жатканын, Кыргызстан да мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керектигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле кыргыз-кытай чек ара маселеси толугу менен чечилгенин жана эки өлкө ортосунда аймактык талаш-тартыштар жок экенин белгиледи.

«Кумтөрдүн» акчасы кайда кетип жатат

Жапаров «Кумтөрдөн» түшкөн киреше өлкөнү өнүктүрүүгө жумшалып жатканын билдирди. Анын айтымында, кенде жыл сайын болжол менен 1 миллиард долларлык алтын казылып алынат, бул сумманын жарымына жакыны казып алууга байланышкан чыгымдарга кетет.

Калган каражат, мамлекет башчысы ырастагандай, мамлекеттик казынага түшөт жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) үйлөрүн, мектептерди жана бала бакчаларды курууга, жолдорду оңдоого, пенсия жана жөлөкпулдарды көтөрүүгө жумшалат.

«Бул акчага МИКтин үйлөрү курулуп жатат, 500дөн ашык мектеп жана бала бакча курулду, жыл сайын 2 миң километр жолго асфальт төшөлүүдө, пенсия жана жөлөкпулдар көтөрүлүүдө. Мунун баары "Кумтөрдөн" түшкөн акчанын эсебинен жасалып жатат», — деп билдирди президент.

2025-жылдын августунда Жапаров кен мамлекеттин менчигине өткөндөн кийинки үч жылдын ичинде Кыргызстан 441 миллион доллар дивиденд алганын билдирген.

Туугандарынын бажыга жана «Кумтөргө» тийгизген таасири тууралуу

Жапаров Сыргак Кенжебаевдин президенттин агасы Сабырдын бажыга жана «Кумтөргө» таасири бар деген айыптоолорун четке какты.

Президент анын үй-бүлөсү жана мамлекеттик кызматкерлер жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин каражаттары менен аралаштырбашы керектигин билдирди.

«Буга кепилдик бере алам. Мен айыл өкмөтүнөн баштап Адылбек Алешовичке [Касымалиевге] чейинкилердин баарына дароо айткам: казынага тийбегиле, бул ыйык нерсе, бул элдин акчасы. Бизнес кыла бергиле, бирок казынага тийбегиле», — деди Жапаров.

Ал мамлекеттик каражаттарды уурдагандар жоопкерчиликке тартылып, зыяндын ордун толтуруу талап кылынарын кошумчалады.

Тенгиз Бөлтүрүк жана «Кумтөрдөгү» мыйзам бузуулар жөнүндө

Жапаров ошондой эле «Кумтөр голд компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жетекчилиги учурунда аныкталган финансылык мыйзам бузуулар тууралуу да айтып берди.

Президент Бөлтүрүк жумушу үчүн 6 миң долларлык кресло сатып алганын, ошондой эле кымбат баалуу кеңсени ижарага алганын билдирди.

«Бөлтүрүктөн эмнеге мынча кымбат кресло алдың, президенттин креслосу деле 600 доллар турат деп сурашканда, Тенгиз өзүн актап: "Менин боюм кыска. Эгер 600 долларлык креслодо отурсам, жамбашым тайып кетет", — деп айтты», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы ошондой эле ишкана үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуудагы мыйзам бузуулар тууралуу билдирди.

«Эгер солярка 60 сом турса, "Кумтөр" аны 80 сомдон сатып алып турган. Башкача айтканда, ар бир литрден 20 сомдон уурдашкан. Бул абдан чоң акча, анткени "Кумтөр" айына 11 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алат», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, текшерүүдөн кийин бул маалымат тастыкталган. Финансылык мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» жетекчилигинен четтетилген.

Scroll to Top