Бишкекте секелек кыздын алтын сөйкөсүн тартып алууга шектелип, 21 жаштагы кыз кармалды

14.08.2026 | 10:02
Бишкекте секелек кыздын алтын сөйкөсүн тартып алууга шектелген 21 жаштагы кыз кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында ойноп жүргөн секелек кыздын алтын сөйкөсүн тартып алып, качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» беренеси менен козголгон иштин алкагында 21 жаштагы С.Т. аттуу жаш кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү сөйкөлөрдү сатып жиберген жерин көрсөткөн. Аталган буюмдар табылып, далил катары алынган. Милиция ишти тергөө учурунда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталганын билдирди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 12-августта, Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Анда белгисиз аял киши ойноп жүргөн 8 жашар кыздын 40 миң сомдук алтын сөйкөлөрүн тартып алууга шектелип изделип жатканы айтылган.

Бул окуя жалгыз учур эмес. Елена аттуу шаар тургуну Reporter.kg сайтына дал ушундай тоноо фактысы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-август күнү борбор калаанын Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги короолордун биринде анын 6 жаштагы кызынын алтын сөйкөлөрүн белгисиз аял чечип кеткен. Елена милицияга арыз менен кайрылганын, учурда иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Scroll to Top