Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
Мектепте 8-класстар үчүн «Инженердик технологиялар» сабагы киргизилет
12.08.2026 | 17:30

2026-2027-окуу жылынан баштап мектептерде 8-класстарга «Инженердик технологиялар» программасы окутула баштайт. Программа профилге чейинки даярдоонун алкагында киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Аталган сабакка жумасына 2 саат убакыт бөлүнөт. Анда окуучулар программалоо, робототехника, инженердик долбоорлоо жана IT-инструменттер менен иштөө боюнча билим алышат. Ошондой эле практикалык тапшырмаларды аткарып, өз долбоорлорун иштеп чыгышат.
Министрлик бул демилге окуучулардын чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталганын билдирди. Тиешелүү окуу программалары жана методикалык материалдар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (www.kao.kg) жарыяланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: Агартуу министрлиги, мектеп