“Кыргызтемиржолу” пандемияда кирешени көбүрөөк тапкан. Эмнеге?

“Кыргызтемиржолу” пандемияда кирешени көбүрөөк тапкан. Эмнеге?

“Кыргызтемиржолу” аябай жакшы иштеп миллиарддан ашык киреше тапты деген маалымат чыкты. Бул феноменди түшүндүрүп бериңизчи? Жүргүнчү ташыган поезддер жүрбөй жатса, пандемиянын кесепетинен атайын чектөөлөр болуп турса, биз мынча миллиардды кайдан таптык? Же мурдагы жетекчилер жаман иштеп жүргөнбү? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов  “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиевге берди.

Ал эми Сакиев болсо жүргүнчү ташыган поезддердин каттабай калышы ошол кирешеге алып келгенин кеңири түшүндүрүп берди.

“Туура айтасыз, 2021-жылы 1 млрд. 1 млн 500 миң сом киреше менен чыкканбыз. Эл ташыган поезддер эч качан кирешелүү болгон эмес. Ар дайым чыгаша менен иш алып барат. Ошол пандемия маалында жүргүнчү ташыган поезддердин жүрбөй калышы кирешеге чыгарган. Жыл сайын 300-400 млн сом жүргүнчү ташыган поезден чыгашага чыгабыз. Мындан тышкары адамдык факторлорду ооздуктап, ККМ аппараттарын киргизүү менен көрсөткүчкө жеттик”-деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>