“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынан 33 млн. сомдук жемкорлук аныкталды

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынан 33 млн. сомдук жемкорлук аныкталды

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды.

Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу мыйзамсыз схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоого, аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>