Кышында адамдарда ботулизм оорусу күч алышы мүмкүн

Кышында адамдарда ботулизм оорусу күч алышы мүмкүн

Кыш мезгилинде адамдарда ботулизм оорусу күч алышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Анын себеби, кышында жер-жемиштердин аздыгынан, тургундар консерваланган тамак-аштарды, үй шартында жабылган салаттарды көп колдоно баштагандыгында.

Ботулизм – бул коркунучтуу оору. Ботулизмдин козгогучу эмес, андагы көмүр кычкыл газы болбогон жерде пайда болуучу токсиндер коркунучтуу. Так ушундай шарт, жемиштерди концервациялоодо түзүлөт.

Кандай жол менен жугат?

Ботулизм менен өзгөчө үй шартында санитардык номаларды сактабай, технологиялык талапка ылайыксыз коцервацияланган азыктарды колдонгон учурда жабыркашат. Көбүнчө концервацияланган козу карын, жер жемиш (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык кооптуу келет. Үй шартынан сырткары, тамак аш дүкөндөрүндө сатылган консерваланган козу карын, банкага салынган жашылча жемиштердин түрлөрүнөн ботулизмге кабылуу коркунучу бар.

Ботулин бактериясы бар концервацияланган азыктарды өңү, жыты, даамы аркылуу айырмалоого мүмкүн эмес.

Ботулизмдин белгилери

Инкубациялык мөөнөтү – 4-6 саатты түзөт. Айрым учурларда 7-10 күнгө чейин созулушу ыктымал. Алгачкы белгилери: жүрөктүн айлануусу, кусуу, диарея, көздүн көрүүсүнүн начарлашы, булчуңдардын алсыздыгы. Эң коркунучтуу белгиси – дем алуу кыйындап, суюктукту жутуу мүмкүн эмес болуп, параличке да алып келиши мүмкүн.

Ботулизмдин алдын алуу

— Үй шартында концервацияланган азыктарды базардан, көчөдөн сатып албаңыздар!

— Азыктарды сатып алууда чыккан датасын, колдонуу мөөнөтүн, жасалган шарттарына көңүл буруу зарыл;

— Азыктанардын алдында колду самындап таза жуу кажет;

— үй шартында тамак жасоодо эрежелерди сактагыла: чийки заттарды колдонууда өзүнчө тактай жана бычактарды колдонуу, колду тазалап жуу, аккан суу жашылча, көк чөптөрдү жана мөмө-жемиштерди жуу керек;

— Эгерде ичиңиз ооруп, өзүңүздү жаман сезип, кусуп жатсаңыз, үй-бүлөңүзгө тамак жасоо болбойт, дарыгерге кайрылуу зарыл;

— Ошондой эле, жогоруда айтылган кайсы бир белгилердин түрлөрү кездешсе же бар болсо тезинен дарыгерге кайрылыңыздар. Муну менен сиздер ооруну алдын алып жана дарылануу убагында башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>