ИИМ: Ири көлөмдө кара куурай ташып бара жаткандар колго түштү (ВИДЕО)

ИИМ: Ири көлөмдө кара куурай ташып бара жаткандар колго түштү (ВИДЕО)

Бишкек шаарынан түштүк аймакка ири көлөмдө кара куурай ташып бара жаткан топту милиция колго түшүрдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук милиция 27-январь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Токтогул шаарындагы Ош-Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы баштыктан афган чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Ошондой эле, кара барсетка табылып, анын ичинде “Гашиш” жыттанган кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон. Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг. 788 граммды түздү.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>