Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кытай Бишкектин батыш тарабын жашыл аймакка айлантат (ФОТО)
08.02.2022 | 11:00
Кытай Бишкек шаарынын батыш тарабын жашыл аймакка айлантат. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарына финансылык каражат бөлүү боюнча макулдашууга жетишилген. Циндао шаарынын башчылыгы Бишкек шаарынын жашылдандырууга салым кошуу максатында 600 000 юань бөлдү. Бул каражатка Дэн Сяопин көчөсүнөн Алыкулов, Кустанай көчөлөрүнө чейинки аймак, жашыл аймакка айланат.
Буга чейин 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао шаарларынын муниципалитеттеринин ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.







Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар