Башкы эсепчи камалды. “Бишкек жашыл чарбадагы” туруктуу жемкорлук схема

Башкы эсепчи камалды. “Бишкек жашыл чарбадагы” туруктуу жемкорлук схема

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын  башкы бухгалтери “А.Э.О.” жана бухгалтер “А.А.” белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тастыкталды.

Бул факты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар жаран “А.Э.О.” күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ошондой эле, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>