Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
Кытай Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 тест берди
03.04.2020 | 08:54

Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди Бул тууралуу ооруга каршы туруу боюча түзүлгөн республикалык штабдан билдирди.
Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды.
Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт.
Штабыдн маалыматына ылайык, бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом