Кытай жарандары үчүн 15 күнгө визасыз режим киргизүү сунушталды

Кытай жарандары үчүн 15 күнгө визасыз режим киргизүү сунушталды

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кытайдын жарандары үчүн 15 күнгө визасыз режим киргизүүнү сунуштады.

Ал отурумга катышып жаткан өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, Казакстан менен Өзбекстан Кытайдын жарандары үчүн убактылуу визасыз режим киргизгенин белгиледи. Анын айтымында, Кытайдан туристтер келсе, Кыргызстандын экономикасына бир топ каражаттарды калтырып кетмек.

«Кыргызстан да андан сыртта калбай 15 күнгө виpасыз режим киргизсек болобу? Үрүмчүгө жылына 30-40 млн турист келип кетет экен. Күч түзүмдөрү жакшылып көзөмөлдөсө, Үрүмчүдөн келип бир топ каражат калтырып кетет беле деген ойдомун», — деди ал.

Жапаров бүгүн Кыргызстанга Кытайдын вице-премьери келгенин айтып, сүйлөшүүлөр учурунда визасыз режим маселеси да талкууланарын билдирди.

«Казакстан менен Өзбекстан бизнес визаларын ачты: бизнес, инвестиция менен келген инвесторлорго 10-14 күнгө чейин чек арасын ачып берди. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Сиз айтып жаткан топтук виза боюнча да иштеп жатабыз. Кытайдын вице-премьери келген. Сүйлөшүүлөрдө ушул маселелер камтылат. Учурда Кытайда коронавируска байланыштуу катуу талаптар болуп жатат, ошол талаптар солгундай түшсө, бул иш-аракеттерди улантабыз», — деди ал.

Депутат: Кытай жарандарына он күндүк туристтик виза берүү керек

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>