“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” ишке ашпай калганына ким жооптуу?

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” ишке ашпай калганына ким жооптуу?

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин тагдыры боюнча маселе көтөрдү.

“Бул холдингди түзүүгө 3,5 миллиард сом бөлүнгөн. Чыгымдар 700 миллион сомду түздү, жоюуга дагы 250 миллион сом керек болот деп жатышат. Кандай болуп жатат? Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн ушундай холдинг түзүлүп, миллиондогон чыгашалар боло береби? Европадан мыкты адис мекендештерибиз иштейм деп келишти эле, эми алардын көңүлү калып кетишти. Бул чыгымдардын баарына ким жооп берет?» — деп сурады Акаев.

«Жооп бере турган адам азыр отурат (Теңиз Бөлтүрүк – ред). Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт. 700 млн сомдун көпчүлүгү бонус. Биз 10 чакты лицензия бергенбиз. Ошолордун бизнес долбоорлору иштеп баштаган. Биз бонус катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлигине төлөшүбүз керек экен. Бул акчанын баары кайра бюджетке түшөт», — деди Акылбек Жапаров.

Акаев ошондой эле холдинг өзгөчө масштабда түзүлгөнүн кошумчалады. Ал үчүн Италиядан эмерек заказ кылынганын, ошондой эле театр түзүү жана артисттерди каржылоо болгонун, көп каражат жумшалганын кошумчалады.

Жапаровдун айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат, ал эми театр куруу боюнча долбоору бекитилген эмес.

Буга чейин “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингин жоюу үчүн 700 миллион сом талап кылынары маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>