КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кытайда COVID-19 илдетинен кишилер көз жума баштады
22.11.2022 | 22:09
Кытай инфекциялардын көбөйүшү менен алты айдын ичинде биринчи жолу COVID-19 илдетинен өлүм болгонун билдирди.
Бээжинде дем алыш күндөрү үч адам каза болду. Борбор калаада инфекциянын жаңы толкунуна байланыштуу сейил бактап менен музейлер жабылды.
Шаардын айрым аймактары кайрадан жабылды. Тургундарды үйдө отуруп, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турууну суранышууда.
Кытай вируска нөлдүк сабырдуулук саясатын жүргүзүп жаткан акыркы ири экономика, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү аны менен жашоого көнүп баратат.
Жаңы чектөөлөр Бээжин коронавируска каршы чараларын бир аз жеңилдеткенин жарыялагандан кийин болду.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар