Кытайда Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолукту

Кытайда Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолукту

Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун механизминин экинчи кеңешмесинин алдында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки мамлекеттин аймактарын жана чек араларын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандарын билдиришкен. Ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешкен.

Министрлер кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, жакынкы келечекте боло турган деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөөнү аяктоо эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары турукташуусуна түрткү берип, эки мамлекеттин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн бардык чөйрөсүнө оң таасир тийгизе тургандыгына макул болушкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>