Кыргызстандын курамасы Түркияда жашыруун курамда машыгуу жыйынын өткөрөт

Кыргызстандын курамасы Түркияда жашыруун курамда машыгуу жыйынын өткөрөт

Кыргызстандын футбол курамасы Түркияда жашыруун курам менен окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен (КФБ) билдиришти.

Аталган уюмдун маалыматы боюнча, Камчыбек Ташиев КФБнын президенти болгондон кийин футбол клубдарынын башкы машыктыруучулары, улуттук кураманын машыктыруучу штабнын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, жыйынтыгында пландан тышкары машыгуу жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынган. Ал оюнчуларды курамага иргеп-тандап алуу үчүн уюштурулат.

Аталган машыгуу жыйындары 2-13-мартта Анталияда 26 футболчунун катышуусунда өтөт. Курамага кирүүгө талапкер болгон спортчулар «Мурас Юнайтед», «Алга» жана «Дордой» клубдары менен ойнойт. Бул окуу-машыгуу жыйыны жабык түрдө өтүп, ага чакырылган оюнчулардын аттары ачык айтылбайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына (2026) жана Азия кубогуна (2027) тандоо турунун алкагында 21 жана 26-мартта Кытайлык Тайбейге каршы оюн ойнойт. Ага карата даярдык көрүү үчүн 13-19-мартта Вьетнамда пландуу окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>